Читать книгу: «Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси»

Шрифт:

Редактор Замирбек Осоров

© Ильгиз Талип, 2021

ISBN 978-5-0053-7407-3

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

Кадырман да, кайратман карыябыз Кулназар Ташиевге

 
Кызыл өртүн майдандын кечип келген,
Кыргын эмне экенин сезип келген,
Элибиздин эр жүрөк жоокерисиз
Эрегиште жеңишке жетип келген.
 
 
Сиз иштеген бардык жер абат болгон,
Мөрөй утуу сиз үчүн адат болгон.
Усулга бай угуттуу сөздөрүңүз
Уккандарга жатталып сабак болгон.
 
 
Камын көрбөй бир гана алкыңыздын,
Камын көрүп калайык-калкыңыздын,
Ала-Тоонун акылман Бакайындай
Артканына күбөбүз баркыңыздын.
 
 
Эч жадабай эл жүгүн аркалаштан,
Элге кызмат кылдыңыз чарчабастан.
Демдүү-күчтүү жүрөсүз сексенде да
Денеңизден кудурет таркабастан.
 
 
Баш ийбеңиз куракка арыбаңыз,
Баш ийсеңиз, баарыбыз тарынабыз.
Бар болуңуз кайратман, кадыры чоң,
Бак-дөөлөттүү, бакубат карыябыз!
 
 
Сооронбай Жусуев,
 Кыргыз эл акыны.
 

Түбөлүк жары Бахарниса менен. 1985-жыл.

Кулназар – Куршаб кулуну

Элде: «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын кан болорун ким билет» деп айтылат. Тарых далай тастыктаган бул чындыкка кантип шек келтирүүгө болсун. Ушул жарканаттай кызыл эт баланын жылдызын Жараткан жарык кылып, бешенесине пенде суктанарлык тагдырды жазган экен. Ырас, ал тагдыр кеме беймарал жиреп бараткан көөшүлгөн көл болуп жаткан эмес эле. Анын ай чарпыган долу толкуну да, буркан-шаркан түшкөн добул, бороондуу кезеңдери да, алоо чулганган апааттуу күндөрү да болгон. Тагдыр ага ушунун баарын баштан кечирип, кандай гана сыноолор болбосун жеңип чыгууну буюрган экен…

Анын ысымын да атасы ырымдап, «Кудай кулум деп назарынан айырбаган адам болсо экен» деп, Кулназар койгон. Кайран киши уулунун убайын көрмөк турсун бал тилине да кумары кана элек чагында, же кулуну эки гана жашка чыкканда дүйнө салып кете берет. Анын кайриет кылганы – артында арзып көргөн жети перзентинен үчөөбү: Маматалы, Мураталы жана эки жашар Кулназарынын калып жаткандыгы эле. Дагы бир жүрөк өйүгөн окунуч – ушул чистей наристелерди аманат таштап кетип жаткан жубайынын 32 гана жашта экени эле. Антсе да ошол оомал-төкмөл, коога-дооругу күчөгөн бейопа кезеңде дүйнө салып бараткан момундун көңүлү кантип жай болмок?

Өктөбүр ынкылабы жеңип, ак падыша тактан кулаганы менен бийлик бир жаңсыл боло элек кез. Ал кезде элет жерине акыйкат, анан маалыматтардын жетип келиши да кыйын, андыктан ар кыл аңыз, имиштер тарап, кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин билбей элдин башы маң. Бир жагынан бай-манаптардын мал-мүлкүн, жерлерин тартып алып, өздөрүн абакка салып, же алыска айдатат экен дешсе, экинчи жагынан ошо байлык гана эмес, кедей-кембагалдардын да катын-кызы ортолукка өтүп, төшөнчү-орун бир болот имиш деген сыяктуу кеп—келечтин тарашы эл арасын дүүлүктүүрүп турган. Мындай кырдаалда «өрдөк жокто чулдук бий» болуп, жаңы замандын чаламоңол жасоолдору да чыккан. Алар бөрк ал десе, баш алып, бейкүнө бей-бечараларга зордук-зомбулук жасап киришкен.

Ошолордун бири – өз тиричилиги менен алек болуп, күнүн өткөрүп аткан Ташы да эле. Анын атасы тээ Кокон хандыгынын тушунда ордого сарбаздыкка алынып, ички-тышкы душмандарга каршы айгышкан салгылаштарга катышып жүргөн болот. Ошондой каардуу кармаштардын биринде анын каршылашы башын кылыч менен жара чабат. Жаны көзүнө көрүнүп, өлөрүн гана санап калган сарбаз кайып – каскагынан элге таанылган дарыгер-табыптын колуна түшүп калат. Ал жарылган баштын төрт жеринен алтындан кадоо салып, анан терини жамайт. Арийне, мындай операциялар азыркы медицинада гана жасалышы мүмкүн. Ал эми 19- кылымда эле чыккан менен сынганды ордуна келтирүүнү мындай кой-ушундай укмуш операцияны жасоого жетишкен элдик медицинага там бербей, таң калбай коюга мүмкүнбү? Өкүнүчтүүсү – кыл тамырчылык, дарыгерлик, шыпагерлик, кыргыздын зергерлик, мүнүшкөрлүк, саяпкерлик өнөрлөрү тоталитардык системанын учурунда феодализмдин калдыктары сыңары жерилип калгандыгы.

Ток этер жери, ошол жарадар кадимкидей катарга кошулуп, адам болуп кетет. Арийне, кадоо үчүн алтын кеткендигин баягы табып- дарыгерден башка жан билбесе да алпооздор ар кандай ушак-аңыздарды таркатпай коюшпаган го кыязы. Мунун бир жоромолунда алтын жарадардын корунан зарпталгандай күпүр сөздүн да таралып кетиши акыры уулу Ташынын убалына кала жаздаган. Анткени, атадан калган алтынды ал катып жүргөндөй шек саналып, жанагы жалаңтөш жасоолдор ошону ортого алуу максатында абакка олтургузушат. Бул гана эмес, ага ак жеринен башка да айыптар коюлган болушу ыктымал. Тергөөчүлөр ур-токмокко алып, зордук-зомбулук жасоо менен жазалоонун ырайымсыз ыкмаларын колдонушканына эки кабыргасы сынып, колунун чыгып кетиши күбө болот.

Ошондо абак ордуна пайдаланылган жер төлөдө төрт адам араң батып олтурган экен. Алардын бири табыпчылык өнөрү бар жаран болсо керек – чыккан колду ордуна салып, калай чайнекке толтура суу куюп, үйлөтө берет. Өпкөнүн тебүүсү менен кабыргалар да жайына келет. Ошол азап-тозоктон 11 айдан соң арылып, аргасыздан Ташы үйүнүн жүзүн, бала-бакырасын көрөт. Дегинкиси, ал киши да жаңыга жан тарткан, жакшылыктан үмүт кылган эстүү-баштуу инсандардан болгон. Ушундан улам перзенттеринин кат таанып, билим алышын аябай эңсеген.


Согуштан кийиңки жылдар. Ортодо Ташиевдин апасы.


Бирок, ал кезде жергебиздин бардык булуң-бурчундагыдай эле Куршаб чөлкөмүн да караңгылыктын касабасы каптап, мектеп дегенден элдин кабары жок эле. Бар болгону байыркы мунарасы, эл азан-казан түшкөн базары менен баки-жокко дайын Өзгөндө гана бирин-экин медиреселерде бай балдары арапча арип таанышчу. Андыктан атанын арзуусу ишке ашпас куру кыялдай ич ачыштырчу. Анткен менен жаңынын саамалыктары айыл турмушуна желаргыдай үлп эте сүңгүп, үмүт отун тутанта берген.

Ал эми мектеп ачылганда карапайым калк тарабынан бул орошон окуя катары кабыл алынган. Адегенде биринчи сыныфка кол арага жарап, тестиер болуп калган уландар менен чыт курсактар да кошула тартылышкан. Алардын арасында сары түгү түшү элек балапандай бытыйган Кулназар да бар эле./ Мындай дегенибиздин себеби, ал кишинин баралына келгенде деле бою 160 см. дан ашкан эмес. / Ушул жерден эске түшкөндө болгон бир окуяны эскере кеткенди эп көрүп турабыз: 1955-жылы Кулназар Ташиев Жалал-Абад областтык аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланып калат. Аны расмий ишаратка ылайык борбордук бийликтин жетекчиси эмгекчилердин областтык Советинин депутаттары жана актив менен тааныштырып, кандидатурасын сунуш кылууга тийиш болгон. Ошондогу Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Раззаков бул арбактуу кызматка Араван райондун атагын Союзга дүң кылган жана аны эмгек Баатырларынын конушунда айланткан партиялык ишмер Кулназар Ташиевди татыктуу деп эсептеп, анын кандидатурасын сунуш кылып жатабыз деп жарыялайт.

Салт боюнча сунуш кылынган инсан дамайым залда эле олтуруп, кандидатурасы жактырылгандан кийин гана президиум тарапка өткөн эмеспи. Бул сапар да ошол эле каада сакталып, Кулназар алдыңкы катардын четинде олтурган. «Баатырдын атын алыстан ук» дегендей анын мыкты жетекчи экендиги менен кабардар болсо да өзүн тааныбаган көпчүлүк таназар ала бербеген. Жанагы жарыядан соң зал жаңырта кол чапкан эл президиумга эңгезердей бирөө салабаттуу басып чыгат го деп ойлогон окшойт. Анан чыпалактай гана бою бар, гимнасттардай чапчаң жигиттин алдыга атып чыкканын көргөндө айран-таң калгандай зал бир саамга дымый түшөт. Анан трибунадан башы гана көрүнгөндө кайрадан аба жарган кол чабуулар жаңырат…

Арийне, бул жыйында Ташиев областтын экономикасын, социалдык абалын жакшыртуу, эл чарбасын көтөрүү боюнча алдыда турган милдеттер аны жоюу жолдору жөнүндө өзүнүн ой-пикирин ортого салып, элдин оборун кызытып таштайт. Жыйынга келгендер бул жетекчинин туура тандалгандыгына аябай ынанып, кандидатурасын бир добуштан кубатташат. Ошондогу окуядан саал ызалана түшкөнбү, же жөн эле азилиби ал өз энесине кайрылып: – Ээ жарыктык, апа, ушу мени бөбөк кезимде бешикке бөлөсөңүз керек. Болбосо, менин деле боюм элдикиндей эки метрге жакын өспөйт беле. Азыр минбарга /трибунага/ чыксам, бири көрсө, бири көрбөй калып жатат, – деп калат. Анда энеси: – Кагылайын каралдым, мен жараткандан сага теректей бойду эмес, терең ойду, бак-таалайды сураганмын. Тиги улуу Ленин деле, жетекчибиз Раззаков деле орто бойлуу адамдар турбайбы. Сен деле ошолордой болсоң, боюң эмес, мартабаң көккө жетпейби, – деп жооп кайтарган экен. Дегинкиси Кулназар аганын энеси өтө зээндүү, бары-жокко көзү жеткен киши болгондугун айгинелеген далай мисалдар бар.

Баса, баяныбыздын башталышында эскергендей Кулназарга коюлган айыптардын бири – молдонун кызына үйлөнгөндүгү болгон экен. Ошо ыйман-ынсаптуу үй-бүлөдөн тарбиялангандыктан ашкере мээрбан, адеп-ахлакты бийик сактаган, жан дүйнөсү бай аялзаты болгон. Ошо тагиндеги асылзадалык көрөңгөнү перзенттеринин дилине чып-чыргасын коротпой сиңирүүгө дилгирленген. Анын бул асыл аракети текке кетпегендигин жана акыры акыбети кайтып, убайын көргөндүгүн уулу Кулназардын парасаттуу, сыймыктуу жолу айгинелейби!

Окусак дегенде ак эткенден, так эткен эненин үч перзенти кузгун заардан туруп, жылытмадан шам-шум этишет да бокчолорун көтөргөн бойдон мектебине жөнөшөт. Анда ошо кездин Дүйшөндөрү өздөрүндө жетишерлик билим, же тажрыйба жоктугуна карабай жаш муундардын сабатын ачууга жан-дили менен аракет жасашкан. Андай жаңы замандын жарчыларын – «жылаңач баатырларды» кой терисин жамынган тап душмандары жининдей көрүшө турган. Алардын канчасы советтик түзүлүштүн активисттери менен кошо басмачылардын колунан жазаланбады, жайрабады?! Ошого карабай Октябрдин жарыгы өлкөнүн бүт булуң-бурчуна алоо чачып, лениндик идеялар салтанат куруп жатты. Бир кезде басмачы бандаларынын чордону болгон Өзгөн өрөөнү да ал жексурлардан арылып, бейпилчилик орной баштады…

Анда элдин карды тоюнуп, үстү бүтөлө элек кез. Эски-ускудан жамап-күрмөп тигилген бешмантын, чылгый чокоюн бутуна илген, эски көрпө тебетейин баса кийген Кулназар да агаларына эрмешип, мектепке кетет. Азыркыдай парта, доска, класс деген кайда. Бул түндүк уюлдай суук бөлмөдө окуучулар тоңуп калбасын деп улам мешке саман, гозопаядан жагып, жылытмыш болушат. Анан нөөмөттөшүп, шөлбүрөп суу болгон чокойлорун, чулгоолорунда кургатып алышат балдар. Ошондой бир учурда мектепти көргөнү республикалык деңгелдеги чоң жетекчи кайып-каскагынан келип калат. Ал «класска» кирсе, мештин түбүндө чулгоо, чокоюн отко кактап бир балакай олтурат.

Башкалары бараандуурак көрүнүп, мунусунун жашы жетелектей сезилсе керек, ал киши аягандай: – Кыштын кыран чилдесинде кыйноо тарттырбай балакайды кийинки жылы эле окууга тартпайсыңарбы? – деп калат. Анда мугалим: – Жок, андай эмес, окуучуларыбыздын кенжеси болгону менен отличнигибиз ушул. Башкаларга бардык жагынан үлгү! – дейт. Тигил жетекчи ыраазы боло Кулназардын далысынан таптап – Азаматсың, уулум! Өлкө ишине жараган, эл ишенчин актаган чыныгы уул бол. Сенден Родина көптү күтөт! – дейт да чөнтөгүнөн пул алып чыгып, бут кийим сатып бергиле деп директорго тапшырат. Муну уккандар сага Кызыр жолукту деп да жоруп жүрүштү.

Бирок бул чындык эле. Аны далилдеген мындай бир факты бар. Ал «Кыргызстан пионери» газетасынын 1934-жылы чыккан сандарынын бирине жарыяланган «Эпкинүү пионер» аталыштагы кабар. Аны толук бойдон келтирели:


«Биздин толук эмес орто мектептин 7-классынын окуучусу Ташиев Кулназар бардык сабактарынан «эң жакшы», «жакшы» деген бааны алат. Коммунисттик тарбияны өздөштүрүп, сезимдүү тартипти чыңайт. Өзү эпкиндүү деп саналуу менен бирге сабактан «начар» деп баа алган жолдошу Коля Пономаревту сүрөөгө алып, сабактарынан «жакшы» деген баа алууга жетиштирди.

«Көпчүлүк коомдун мүлкүн жолдош Кулназар өз мүлкүндөй сактайт. Көпчүлүк жумуштарына ар дайым активтүү катышат.

Кочкор-Ата сельсоветиндеги толук эмес орто мектеп».


Кулназар бардык сабактарынан «эң жакшы», «жакшы» деген бааны алат.


Элде: «Болор бала богунан» деп айтылат. Мен бул кабарды Кулназар аганын келечекке сунган визиткасы катары карадым. Көрсө, ошол 30-жылдардын башталышында эле Кыргызстанга кызматы сиңчү кандай кадр дайардалып жаткандыгы жөнүндө коңгуроо кагылган турбайбы. Бирок, али алдыда ал жиреп өтчү турмуштун тунарыктаган айдыңы, чер-токойлуу чытырманы, куш канатын талдырчуу какшаалы жаткан эле да… Ошол дилинде зарде, дымагы арашандай оргуштап турган улан окууда гана эмес, жүрүм-туруму, коомдук иштерге күжүрмөндүү катышуусу менен курбу-курдаштарынын урматтоосуна татып, аларды баштаган эркечке айланган. Анын мектепти аяктары менен ЛКЖСтын Куршап райондук комитетинин пионерлер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалышы да кокусунан эмес.

Анткени өзү жаңы эле ошол чөйрөдөн өсүп чыгып, жаш муундардын жан-дүйнөсүн, алардын кандай ой-максаттар, мүдөлөр менен жашап жаткандыгын эң жакшы билген. Баса, кезегинде мектептеги, пионер уюмундагы окуу-тарбия иштери, анда орун алган абал тууралуу Кулназар өзү да пионер газетасына кат-кабарларды жөнөтүп турган. Айрым терс көрүнүштөрдү ашкерелеген сын кабарларын ал «Тапанча», «Чүкөдөй» деген жашыруун аттар менен жазган. Албетте, автордун ким экендигин классташтары, атүгүл айылдаштарынын көбү эле билишкен. Бирок, сындын адилеттеги бирөөлөрдү териктиргени менен абалды оңдоону көздөгөндүгү менен баалу болгон.

Дегинкиси, Кулназар ага табигатынан чукугандай сөз тапкан, азил-тамашаны арашандаткан, кыргыздын элдик бай мурастарына каныккан инсан болгон. Кээде түз айтпай каймана маанисинде кыйыткан сөздөрүнүн маанисин аңкоолор түшүнө бербей өздөрү уятка калган учурлары боло турган. Буга бир эле мисалды келтире кетели: ал партиянын Ленин райкомунун биринчи катчысы болуп турган кезде кайсы бир жылы өтө кургакчылык болуп, чөп деген тимеле көздөн учуп калат. Анын бир талын да калтырбай тоют даярдоо керек эле. Мына ушунун баарын түшүндүрүп, ал чарба жетекчилеринин алдына олуттуу милдеттерди коет. Сөзүнүн акырында: – Жолдоштор, тоюттун корун коомдук малга жетиштүү камдап албай эртең… Үч-Коргондон издеп калып жүрбөйлү, – деп эскертет./ Арийне, бул жерде кайсы сөз түшүп калгандыгын жана бул лакап кайсыл окуядан улам чыккандыгын кеп баркын билген, куйма кулак азаматтар бат баамдамак/. Бирок, баягы чарба башчыларынын ичинде алаңгазар, анды-дөндү элес албаган аңкүдүктөр да бар окшойбу. Алардын бири эртеси таңазандан райкомдун имаратына жетип келип, биринчи катчыга атып кирет да: – Аксакал, алты машина даярдап койдум, Үч-Коргондун кайсы чарбасына барайын, – дейт.

Күлкүсүн ичине катып, араң чыдаган катчы бул абалдан кандайча чыгып, алабарман аткаруучуну жолго кантип салгандыгына кепил өтө албайбыз. Кептин баары-ошо оозу күйгөн дардаңкүүнүн бул окуя тууралу башкаларга жайып ийип, дагы бир жыдыгандыгында. Ага жолуккан тең аталар: – А, ортак, баланчауп, энеңизди Үч-Коргондон таптыңызбы, же машинелерди даярдап койдуңузбу? – деп жүрүшүп, аябай жүдөтүп бүтүшкөнүн азырга чейин айтып жүрүшөт…

Ошол 30-жылдары элет жериндеги жетекчилер эмес, борбордун тегерегиндеги райондогулар да чарбаларды ат минип кыдырыша турган. Ал эми комсомолдук кызматкер түгүл, орто звенодогу атка минер ыктуусу, азаматтан мыктуусу деле айылдарды жөө-жаландап аралашчу…

Айрыкча жалгыз чыйыр жолду күрткү уруп, кар боройлогон боорондуу күндөрдө, аптап алсыратып, топурак тозондогон саратанда жол жүрүү азапка эле турган. Бирок, жаңы замандын жалын-деми менен жашап, лениндик идеяларды туу туткан жана өлкөнүн өнүп-өнүгүшүнө өз салымын кошсом деп жан-дили өрөпкүгөн андагы атуулдар бул кыйынчылыктар убактылуу деп терең ишенишкен.

Анткени, ошол жылдары ДнепроГЭС, Комсомольск-на-Амуре, Волга-Дон каналы, Магнитогорск, Турксиб темир жолу сыяктуу улуу курулуштардын даң-шоораты дүң болуп, элибизди эмгектеги эрдиктерге шыктандыруу менен жаркыраган келечектин кенен панорамасын тарткан. Учурдун ушундай гиганттарында советтик жаштар чыныгы патриоттукту көрсөтүп рекорддорду жаратышкан. Ал кезде П. Ангелина, А. Стаханов сыяктуу каармандардын ысымдары граждандык согуштун баатырлары Чапаев, Котовский, Лазо, Буденный, Ворошилов ж. б-лар менен бир катарда айтылып, символго айланган эле. Алардын үлгүсүндө жаш муун тарбияланып, ошол идиалдарды тууроого аракеттенишкен. Ал эми П. Морозов, К. Жакыпов сыяктуу эр- жүрөк жеткинчектердин мисалында кызыл жагоочандардын кыйла мууну тарбияланган. Арийне, ар-бир доор өз деңгээлине жараша идеологиясын жаратып, ага коомдун мүчөлөрүнүн табынуусун көздөйт.

Ал эми кечээ эле кош эзүүнүн астында болуп, караңгылык каптаган улуу империянын булуң-бурчтарындагы калктар үчүн ынкылап шаңкар тоону жарып, жарык чачкан жанар тоо сыяктангандыгы айныксыз чындык!

Андыктан кечээ эле кедей-кембагалды өлсө-кунсуз, сатса-пулсуз санаган бай-манапты мындай кой, башын барандачылык санабаган басмачылардын зордук-зомбулугун башынан кечирген элге Октябрдин тартуулаган азаттыгы, камкордугу алмустактан эңсегенге барабар эле. Ушундан улам Совет бийлигин колдобогон, аны алкабаган жана ага так кызмат кылууну өз насилине насыяттабаган ата-энелер да калбаган. Ал эми мындай үгүт-насыяттын от тутантуучусу, шамдалын көтөрүп жүрүүчүсү дал Кулназарга окшогон баштамалдары болушкан. Жаш муундардын жан дилинде патриоттук сезимди ойготуп, оборун оболотуш үчүн аларды суктандырган жана шыктандырган идеалдарды табыш керек болгон. Бул үчүн бай материалды турмуштун өзү берип жаткан. Башкасын айтпаганда да Н. Островскийдин «Болот кантип курчуду» аттуу белгилүү чыгармасы миллиондорду эрдикке сүрөгөн, эркин кайрактай бүлөгөн урунчу усулу сыяктуу болгон. Дээринен зирек улан учкун алдында жүрүп, рухий дүйнөсүн байытууга, учурдун талабына жараша татыктуу тарбиячы болууга умтулган. Басса-турса анын колунан китеп деген түшчү эмес. Ушундан улам ал Фрунзе менен Ташкент тарапка каттаган тааныштары болсо, китеп алып келүүнү өтүнө турган. Адам умтулса, эмнелерге жетерин, алдыга кандай улуу максат коюп жашоо керектигин туюнтуу менен өзү туу туткан принциптер тууралуу кабардар кылган. Мындай жолугушуулардан соң өспүрүмдөрдө аң-сезим ойгонуп, өлкө ишине жараган жаран болуу жөнүндө ойлор обор кызытпай койбогон…

Дегинкиси, Кулназар өз курбалдаштарынын жан-дүйнөсүн жакшы билүү менен аларды айтканына ынандырып, артынан эрчитүү үчүн жекече үлгү көрсөтүү да керектигин түшүнгөн. Ошондон улам ал мектепте эле жалаң окуунун отличниги болуу менен чектелбестен пионер вожатыйлык милдетти да аткарып, комсомол уюмуна жардам берген, анын тапшырмаларын так аткарган. Анын окуу отличниктеринин республикалык майрамына Куршап ЛЖС райкому жана райОНОсу тарабынан делегат катары жиберилиши да бул сөзүбүздү ырастайт.

Комсомолдун райкомунда бир жыл иштегенден кийин Кулназар билимин өркүндөтүп, бир адистик алууну чечет. Анын бул оюн бюро мүчөлөрү кубатташып, эң жакшы мүнөздөмө менен жолдомо беришет. /Бул жерде Кулназар аганын ашкере тыкандыгын ашкерелеген бир фактыны айта кетүү абзел. Ал 1934-ж. «КП» газетасына жарыяланган кабардан баштап, өмүрүнүн акырына чейин өзүнө тиешелүү болгон документтердин бардыгынын көчүрмөсүн тиркеп жүргөн. Андыктан бул инсандын таржымалына, басып өткөн байсалдуу жолуна кызыккан изилдөөчүлөр ар кыл архивдерди аңтарып убараланбастан андан калган ушул мураска эле кайрылса, каалаган маалыматын табар эле/.

Кыязы айыл жеринде туулуп-өсүп, дыйкан эмгегинин баркын билгендиктен жана анын акыбетин кайтаруу үчүн агротехниканын мааниси канчалык экендигине көзү жеткендиктен ал Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарындагы Коммунисттик айыл чарба мектебин тандап алган. Кийин институтка жерпай болгон бул окуу жайында ошол кездеги кыргыздын алгачкы айыл чарба адистери сабак беришкен. Алардан кийин ири илимпоздор өсүп чыккандыгы да белгилүү. Мектеп аталганы менен мында кеңири профилдеги жана жеткилен билими бар адистерди даярдашкан. Тубаса талантынанбы, же турмуштук тажрыйбасынанбы – ошондой мектеп, техникумдарды 30-жылдары аяктагандардын жогорку окуу жайларын бүткөн адистерден кыйла артыкчылык кыларына биз көп эле күбө болгонбуз.

Акыйкатында ошолор эл чарбасынын бардык тармактарында командир болушуп, өлкөнү «буурусундан атомдук куралы бар державага» чейин көтөрүп чыгышпадыбы! Бул революциялык дух жараткан күжүрмөн күрөштүн жемиши жана жеңиши болгон. Ар-бир атуул андан Мекени эмне күтүп жаткандыгын айкын түшүнгөндө жана жоопкерчилигин сезгенде ар-кандай бийиктик алына тургандыгын тарых өзү көрсөттү. Кечээ эле караңгылыктын касабасы каптап жаткан кыргыз жергесинде кооперациялар, коллективдүү чарбалар уюштурулуп анын артыкчылыгына баарынын көзү жете баштады. Ошол учурда «Кадрлар бардыгын чечет» деген ураандын ташталышы да бекеринен эмес эле. Дал ушул жаатта каатчылык болгондуктан жаштарда жаңы адистерди даярдоого өзгөчө маани берилген. Партия менен өкмөттүн мындай камкордугуна жаштар да татыктуу жооп берүүгө астейдилден умтулушкан.

Буга да Кулназардын окуу жайындагы жетишкен ийгиликтери кубө. Ал элеттен келдим дегендей чочуркабай эле курсташтарынын ичинде бат эле лидерликти ээлеп, комсомол уюмунун жетекчилеринин бирине айланат. Анын демилгеси менен өздүк көркөм чыгармачылык ийрими уюштурулуп, ага өнөргө шыктуу кыз-уландар тартылат. Бул топтун катышуучулары даярдаган оюн-зоокторго курсанттар гана эмес, шаардык көрүүчүлөр да агылып келип, эстетикалык зор канагат алышкан. Алардын аябагандай жактырган номерлери да боло турган. Анын бири Кулназардын аткарган «Андижан полькасы» эле. Музыканын ыргагына шай келип, дене-боюнун сөөгү жоктой ийкемдүү кыймылдашы жана образды ачуу үчүн улам жаңы пластикалык каражаттар тапкандыгы көрүүчүлөрдү таң калтырган. Сахнада бат перектей чимирилген жигитке каректер кадалып, ал арбап алгандай таасир калтырган. Бий аяктагандан соң бир саамга дымый түшкөн зал ичи анан шатырата кол чаап, аткаруучуну кайра-кайра чакырышкан. Мында Кулназардын искусствосу менен номердин оригиналдуулугу да роль ойнобой койбогон. Албетте, аны атайын сахнага даярдаган балетмейстер деле болгон эмес. Балким ошол 30-жылдары Орто Азия чөлкөмүнө атагы аябай дүң болгон сахна жылдыздары Тамараханум менен Халима Насырованы, Сара Ишантураеваны Ош, же Өзгөн гастролдорунун учурунда көрүп калды бекен деген ой келет. Анан да кыргыз-өзбек калктары кылымдардан бери аймакта аралаш жашап келгендиктен алардын той-тамашасы, оюн-зоогу дамайым бирге өткөрүлгөн. Ушулардын баары Кулназардын сергек сезимине таасир бербей койбогон чыгар…

Кулназар ага өзүнүн «коронный номерин» өмүрүнүн акырына чейин улан кезиндегиндей эле шаасына келтире аткарып, далай үлпөт, кечелердин көркүн чыгарып жүрдү. Анын эл алдына чыгып, эбелектей каалгып жүргөнүн көрүп, анын 70—80 жаш курагында экендигин унутуп койчубуз. Мындай шайдооттукту, өзүн дамайым «формада» кармоону ал башынан өнөкөткө айлантып алган окшобойбу. Анын өмүрлүк жубайы Бахарниса эже мындай деп эскерет:

– «Кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт» дегендей байым бар нерсени чегинен чыкпай чен-өлчөмү менен жасай турган. Тамакты да чактап жеп, кийимди да аспиеттеп кие турган. Бир сапар мартабалуу бир инсандын маареке-тоюнда төрдө олтурган бизге өзгөчө сый көрсөтүлүп, аксакал катары анын алдындагы табакка дүрдүйүм тамак-аштан үйө беришти. Ал адатынча насиптен ооз тийип, додолонгон ар-кыл ысылыктын чети оюлбаган бойдон турду. Муну көргөн доктор М. Мамакеев тээ четте олтурган баласын жетелеп келип, – аксакалдын кешигин калтырбай жегин! —деп калды. Мен айттым: – Бу бирөөлөрдүн арткан-үрткөнүн оозуңарга албагыла дейсиңер медиктер. Анан иничекти өзүңүз баштап келип, жегин деп атканыңыз кандай?

– Мындай кишинин кешигин талашып жегендин өзү сооп болот. Ылайым, бул балага да Кулназар аганыкыдай жашты жана башты, ырыс менен бакты, атак менен даңкты буюрса экен деп ырым кылып жатпаймынбы! – дейт белгилүү хирург.

Турмуштук ушул кичинекей эпизоддон эле Кулназар аганы замандаштары кандайча кадырлап-сыйлаганды көрүнүп турбайбы. Анан дагы эже мындайча эскерет: – Балдарыбыз атасын апталап, жумалап көрбөй да калыша турган. Анткени, ал таң үрүн-бараңда үйдөн ишке кетет да тээ түн бир оокумда чаалагып-чарчап келет. Ошол кезде «сталинский занятиялар» бар эле. Жумуштан кийин сабакка катышып, кеч келчу эле. Бул убактарда балдар уктап жаткан болот. Ал эми мен аял катары үйрүлүп түшүп, үстү-башын тазаламакка далбас урам. Ошондо да бутундагы хром өтүгү жалтырап тап-таза болот. Анткени, ал кончуна дамайым баркыт бут сүрткүч салып жүрө турган. Анын бул тыкандыгы студенттик кезинен да, офицерлик кызматынан да адат болуп калса керек…

Ырас, көп эле жарандардын аскердик милдетти өтөп жүргөндөгүсү менен карапайым турмуштагысын, же кечээ чоң болуп жүргөндөгүсү менен андан «шыпырылгандан» кийинкисин көрүп, көңүл иренжий түшкөн учурларыбыз болгон. Ал эми өмүр бою сынын да, сырын да кетирбей Кулназар ага сыяктуу таптагы куш өңдүү жүрүү үчүн бекем эрк эмнени талап кыла алмакчы?

Кыйла жылдары илгери ири илимий чордонубузга орошон окумуштууну жетекчи кылып дайындашты. Анын ачкан жаңылыгына, эмгегине эч кимдин деле коер дооматы жок болгону менен үстү-башына кароону эзели капарына албаган жан экен. Кыязы жубайы да өзүнө жараша шалдакы неме болсо керек, жака-жукасын агартып, шым-көйнөгүн үтүктөп койгонго да жарабайт экен. Адатта илим чордону интеллигенциянын өкүлдөрүнөн турат эмеспи. Өз жетекчисинин кебете-кешпирин жөнөкөйлүктүн белгиси катары санаган кызматкерлер да галстук тагынганды таштап, маданият дегенге маани беришпей калат. Ошону байкаган кыраакы секретарь айым үтүк алып келип, жетекчинин көйнөгүн, шымын тыкыйтат, анан галстук байлайт. Бул күн сайын кайталангандыктан мындай өзгөрүү коллективге бат эле байкалат. Акыры жетекчинин өзү да кызматка кынтыксыз жасанып келүүгө көнүп келет…

Бул мисалды биз бекеринен келтирген жокпуз. Кулназар аганын куштай сын-сыпатын жазбай жүрүшү, тактыгы жана убадага бектиги ар дайым башкаларга өз таасирин тийгизбей койбогон. Ардуулук, намыскөйлүк жана мээнеткечтик андагы табигый касиеттер болгондуктан өмүр бою өз парасатына доо кетирбей беделин бийик сактоого жан үрөгөндүгү бар жашоосунан көрүнөт. Мунун күбөсү катары аталган айыл чарба мектебин кызыл диплом менен аяктагандыгын эле айтууга болот. Ошентип, кечээ эле туулуп-өскөн айылы Алганын буртулдаган чаңын кечип, келечек жөнүндө керемет кыялдарга баткан балакай боз уландыкка жетип, эми айыл чарба адистигин алып олтурат.

Айныксыз, анын бул ийгилиги тууган-туушкандарды гана эмес, бир кездеги кесиптештерин, өзгөчө райондук жетекчилерин өтө кубандырат. Анткени, ошо кезде мындай кадрлар көзгө сүртөргө жок болуп турган эле да. Бирок, аны башка майдан күтүп турган. Анткени, жашы боюнча аскер курагына жетип, баралына келген жигитти аялдатпай эле армияга алышат. Бул 1939-жылдын ноябрь айы. Ошондо СССР менен Финляндиянын ортосунда согуш жүрүп, ал алдыда болчу чоң алааматтан аян бергенсиген. Граждандык согушта, басмачы бандалары менен айыгышкан салгылашууларда жеңишге жетип, бейпил турмушка өткөн жана өлкөнүн баралынча өсүп-өнүгүүсүнөн баар таба баштаган элде патриоттук сезим күчтүү эле. Бул жаатта тарбиялык иштер да кызуу жүрүп, ар-бир атуул Ата-Мекенге берилгендик духунда от кечкен өткүр болоттой чыныктырылып жаткан эле.

Апасы Гүлкан, агалары Маматалы, Мураталы жана айылдаш ага-туугандары менен коштошууга барган Кулназар аялдабай эле кайра тартууга аргасыз эле. Ал үч күн ичинде кайрадан чакыруу пунктунда болууга тийиш эле. Мына анын артында балалыктын алтын бешиги болгон ата конушу, береке-байлыгы төгүлгөн кең өрөөн, дүгдүрүм бак-шактуу Куршаб жана күзүндө суусу тартылып, эми ийге келгенсиген дарыя жана нечен кылым кербендер аркы-терки каттаган кан жол. Мунун баарын көздөн кечирген жигит, албетте, аеолуу дүйнөсүн калтырып баратканга ичи ачышып, жүрөгү зырпылдаганы менен өзүнө тагылган жооптуу парзды өтөгөнү бараткандыгы үчүн кубанычта да эле.

Анда Кулназар аскер кызматын кайдан өтөй тургандыгы белгисиз эле. Жаштыктын жалын-деми өрөпкүткөн, жан дилин өз курагына мүнөздүү романтика бийлеген жигит кайсы майдан болбосун кыйшаюсуз ат салууга белен эле. Анын үстүнө катарына өтүү оңойго турбаган партияга да кандидаттыкка кабыл алынгандыктан башкаларга караганда ал өзүн эки эсе жооптуу да сезген. Бул ишенимди актоо үчүн ал эми алдыдагы зор сыноолордон өтүшү керек эле. Бул баягы көнүп калган студенттик турмуштан таптакыр айырмаланган аскердик кызматка байланыштуу шарттарда болмок. Ал кай жерде өтөт, кандай кыйынчылыктарды тартуулайт – табышмак эле…

Мына, ал белгиленген саатында кандай команда болсо, аткарууга шайма-шай болуп, аскер комиссариатынын алдындагы пунктка келди. Мында өзүнүн курагындагы жалоондой жаштар чогулуп жатышкан экен. Алар эртеңкисинен бейкапар шатыра-шатман түшүп, көңулдөрү куунак. Алардын бул маанайын огобетер козутуп, шаңдуу музыка аба жарып жаңырат. Баарынан да ошол кезде патриоттук сезимди оболоткон «Эртең согуш болсо» сыяктуу ырлардын таалим-тарбиялык ролу чоң эле. Кыргыз жаштары да «Кызыл атчандар», «Бер команда, маршалдар» сыяктуу ырларды параддарда, жүрүштөрдө жер дүңгүрөтө аткарыша турган. Өлкөнүн экономикалык күч-кубатын чыңдоо, техникалык жактан өнүктүрүү менен карасанатай душман капыс кол салса, ата-мекенди кан-жанын аябай коргоочу атуулдарды психологиялык жактан даярдоого да зор маани берилген экен. Мындай идеологиянин акыбети кандайча кайткандыгын кийин тарых өзү тастыктабадыбы!

Болочок жоокерлерди бир-бири менен таанышып, бака-шака түшүп жатканда аскерге чакырылгандарды каттоодон өткөргөнү команда берилди. Жигиттердин биринин да бул тандоодон калгысы келбей фамилиясынын аталышын чыдамсыздык менен күтөт. Жүрөгү алеп-жалеп болуп турганда: «Ташиев Кулназар!» деген өктөм үн угулду. Аскердик тартиптен да сабак алган Кулназар: «Мен» деп, турган жеринен бир кадам алга басты. Комиссар ага бир тигиле карады да «Жарайсың» дегендей башын ийкеп, кийинки жолдоштун ысымын атады…

Каттоо аяктагандан кийин чакырылгандар катарга тизилип, комиссардын баштоосу менен шаардын четиндеги темир жол станциясын көздөй бет алышты. Котолоп турган узатуучулар кол булгашып, айрымдары көз жашын чуурутуп, уулдарга ак-жол, амандык тилөө менен батасын берип кала берди. Бул 1939-жылдын күрдөөлдүү күзү аяктап калган ноябрь айы эле. Күндүн табы кайтып, жалбырактар күбүлүп түшүп, эртели-кеч чыкыроон болуп калган. Атүгүл кара жамгыр кээде карга айланып, тээ алыстагы аска-тоолор ак олпок жамынышкан. Тууган жердин ушул керемет кезин көздөн кечирип келаткан азаматтар: «Кош, Ала-Тоо уулуң кетти майданга!» дегендей уйгу-туйгу ойлор менен алек эле.

Акыйкатында да аларды ар кандай тагдыр күтүп турбады беле. Башкасын айтпаганда да бул сапар Кулназар үчүн алты жылдан ашык мөөнөткө созуларын ал билген да эмес, уктаса түшүнө да кирбеген. Балким Совет-Фин согушу саал мурдарак башталганда ал батыш жакка кетет беле – азыр алар түшкөн товарняк Чыгышты көздөй бет алып баратты. Баягы карта аркылуу гана аттарын билчу Новосибирск, Барнаул, Иркутск деген шаарларды, Байкал көлүн, Сибирь тайгасын эми өз көзү менен көрүп, карагайлары көк тиреген калың токойлорго ажайыптана карады. Ырасында эле бекеринен: «Широка страна моя родная» деп ырдалып жүрбөгөн экен. Мына, кез-кезде гана жүргүнчү поездерге жол берип, кошумча аялдамаларга чыга калганы болбосо, аскерге чакырылгандарды тартып бараткан товарняк үч аптадан бери эле «жан үрөп» жаткансыйт. Антсе да узун жолдун учуна качан чыгаары белгисиздей. Бирок, Ата-Мекендин ыйык жүгүн аркалаган жаштардын ындыны өчпөй кандай кыйынчылык болсо да көтөрүүгө кайыл сыяктанат. Анустүндө алардын духун чөктүрбөө үчүн ошо ташпиштүү жолдо тарбиялык иштерди жүргүзчү активисттер да дайындалган эле. Алардын бири Кулназар болчу. Ал ошол опуртал кезеңдеги дүйнөлүк ал-абалды түшүндүрүп, элибиздин, айрыкча өлкөнү коргоо вазиапасы жүктөлгөн жалын жүрөк жаштардын алдында кандай милдеттер тургандыгын жеткиликтүү баяндачу. Анын «лекцияларынан» соң ар-кандай суроолор жаап, аларга ынандырарлык жооп тапканга Кулназар аракеттенчү.

Возрастное ограничение:
18+
Дата выхода на Литрес:
13 мая 2021
Объем:
160 стр. 18 иллюстраций
ISBN:
9785005374073
Правообладатель:
Издательские решения
Формат скачивания:
epub, fb2, fb3, ios.epub, mobi, pdf, txt, zip

С этой книгой читают

Новинка
Черновик
4,9
176