Читать книгу: «Таза ойлор Так сөздөр»

Шрифт:

Ден соолугуңдун чың болушун каалайсыңбы?

ТАЗА ОЙЛОР ТАК СӨЗДӨР

Кубанып, ыраазы болуп жаша!

Ден соолуктун “ачкыч” сөздөрү!

Иркутск шаары 2019– жыл

[А] Мен ден соолугум менен бирге төрөлгөнмүн! Мен өз жайымдамын!

Бул китеп аркылуу ар бир адам өзүнүн ден соолугун чыңдоо максатында мүнөзүнүн терс жактарынын зыяндуулугун туура түшүнүп, коркунучун кыймылдатуучу күч катары пайдаланып, керектүү “ойлорду” кандайча ойлоп, кандай “сөздөрдү” сүйлөп, “маалымат” алуу менен “сезимди” кантип жакшыртууга болоору жөнүндө түшүнүк алса болот. “Жаман” болгуң келеби, “жакшы” болгуң келеби же жөн эле “чыныгы адамдык” касиетиңди өзүнүн калыбына келтиргиң келеби? Ал өз түшүнүгүңө, тандооңо, жашоодон алган турмуштук тажрыйбаңа жараша жана өзүңдүн жашоого болгон көз карашыңа жараша болот. Кандай ойлоносуң? Эмнени күнүгө жасайсың? Жашооңду өзгөртүү үчүн эмнелерди жасайсың? Жашоодо “жаман” дагы, “жакшы” дагы бар нерсе. Аны жасаган өзүңсүн. Адам баласы алтын ортодогу тең салмактуулукту кармап турган тараза сыяктуу. Ал үчүн өзүңдүн тынчылыгыңды жана тең салмактуулугуңду бир калыпта сактоону үйрөн.

“Адам дене түзүлүшү”, “жашоо процесси”, “тагдырдын кандайча, ким тарабынан түзүлүшү жөнүндө” кыскача сөз болот. “Көңүлдү буруу” менен ар кандай мүнөздүн, ойдун, сөздүн, сезимдин ден соолукка, жашоого тийгизген таасирин туура түшүнүү керектигине маани бере аласың.

Ден соолугуңду кандайча бузуп алдың?… Эми, аны кантип кайрадан калыптандырууга болот? Мына ушундай мааниде түшүнүк алсаң болот. Билесиң, бирок күмөнсүрөйсүң. Кээ бир жашоодо анчалык маани берилбеген нерселердин өзүңдө бар экендигине ынанып, түшүнүү менен “өзүңдүн өзүңө болгон ишенимиңди” бекемдейсиң. Ички дүйнөңдөгү ачылбаган сырлар жана кызыктар дүйнөсү жөнүндө сөз болот.

Э С К Е Р Т Ү Ү :

Өзүңдөн башкаларга уруксаатсыз жардам берүү – бул башка адамдын денесине, үйүнө, дүйнөсүнө уруксаатсыз кирүү же жекече адамдык чек араны бузуу болуп эсептелет. Менин ар бир окурманым, сага китеп аркылуу маалымат алып, өзүңө өзүң жардам берүүгө уруксаат сураймын. Себеби ар бир адамдын руху, бул жашоодон кандай тажрыйба алуу керектигин билет.Ошондуктан бул китеп ар бир адам үчүн туура келе бербейт. Анткени ар бир адамдын жашоодогу өнүгүү этабы ар түрдүү. Албетте, бул кээ бир адамдар үчүн күлкүлүү же таң калаарлык. Себеби, бул адабий китеп эмес, аң сезим менен түшүнүүнүн, “жан дүйнө” менен иштөөнүн китеби. Өз денеңди ук, сезимиңди байка. Албетте, жашоо жеңил, аны кыйындаткан ар бир адамдын ою, сөзү, акылы, күнүгө жасаган иши, кыял жоругу, адамдар ортосундагы мамилеси экендигин өзүңө өзүң түшүндүрүп бар, аны өзүң кантип жасап жаткандыгыңды өзүңө өзүң түшүндүрүүң зарыл.

Кайсыл мүнөзүң сага тоскоолдук кылып жатат, мүмкүн өзүңдү өзүң түшүнүүгө жардам берээр. Ал сен үчүн “чечим чыгарууга” жол көрсөтүүчү болот. Дене сөздөрдү угат, ден соолукта болгусу келет, аң сезим иштей баштайт, мээ керектүү программаны ишке киргизет, керексизин түшүнгөндөн кийин өчүрөт. Ошондуктан “көңүлүң” сен үчүн ден соолукта болууга эң сонун жардамчы жана айдоочу, жол көрсөтүп багыт берүүчү. Көкүрөгүңдү тыңша! Дене ар кандай кысылуудан бошонуп, булчуңдар жазылгысы келет. Эгерде жүрөгүң кысылса анда бул китеп сага жардамчы. Ал тоскоолдукту алуу үчүн чыдамкайлык, эрктүүлүк керек. Өзүңдүн ичиңдеги ак карышкыр менен кара карышкырдын күрөшүн токтотуп, өзүңдү өзүң башкаруучу болууга үйрөт. Өзүңдү өзүң тынчтандыр. Каалоо өзүңдөн, жакса акырына чейин окуп чыгып, турмушта пайдаланып көр, жакпаса каалаган жериңден бул түшүнүктөн чыгып кетүүгө толук акың бар.

Кайталоо окуунун энеси!

Кайталоо менен кана терең түшүнүп, “жан дүйнөгө” сиңирип алса болот. Эске тутуу жакшырат, мээдеги нейрондор чыңалат, жаңы нейрондордун өсүүсүнө көмөк көрсөтөт. Керектүүсүн жазып алып окуган пайдалуу, жазганда дене жаңы энергия менен тез аралашып байланышат жана ойдун тазалануусуна жакшы жардамчы болот. Ал эми үн чыгарып айтуу менен учур чактагы сүйлөгөн сөзүдүн маанисине карап жашоо толкунуң өзгөрөт. Кайсыл сезим менен иштедиң, кайсыл сезимиң менен иштешиң керектиги өзүңө даана көрүнүп турат. Бул китепте “кайталоо” өтө көп кездешет, бирок мааниси ар кандай мүнөзгө шартка жараша өзгөрүп түшүндүрүлөт.Себеби, жашоодогу өнүгүү жол бирдей, бирок ар ким өзүнүн турмуштук жолунда ар түрдүү этапта жашайт.. Ал жол ар түрдүү. “Мен”, “Сен”, “Ал”, “Биз”, “Дүйнө”, “Аалам”, “Кудай-Нур” деген сөздөр ар бир адамдын өзү менен өзү сүйлөшүп, өзүнүн өзү менен болгон байланышын бекемдейт, башкача айтканда ”өзү менен өзү ынтымакта болуп гармонияда жашоого жардам берүүчү сөздөр. Баш аламандыктан арылтат, өзү менен өзү бирге, ынтымакта болууга жардам берет”.

Майда тамгалар менен кээ бир беттердин баш жагында жазылган сөздөр кашаанын ичинде чоң (А ) тамгасы менен аффирмациялар же болбосо денени өз нугунда ишке киргизүүчү энергетикалык кубаттуулугу жогорку деңгээлдеги күчтүү, ачкыч сөздөр. Бул сөздөр руханий энергияны күчкө киргизип, ойду тазалайт жана адамга күч кубат тартуулайт, мээнин иштешин активдештирет, энергиянын толкунун ден соолуктун толкунуна улап, нурдун кубаттуулугун өзүнүн күчүнө киргизип калыбына келтирет.

Интуиция менен логика тең иштешине жардам болот. Кайталап окуп, үн чыгарып айтып койсоң денеге кошумча энергия, күч кубат кошулуп, энергиянын кубаттуулугу жогорулайт, жан дүйнөгө жаңы программа болуп киргизилет. Ошентип, эски жашоого болгон көз караштын эшигин жабуу менен, денеге жаңы жашоонун эшигин ачып, ичине кирип жашоого уруксаат берсе болоорун өзүңө өзүң түшүндүрүп барасың. Ошон үчүн кайталап окуу менен ички дүйнөңдөгү иштетилбеген дың жерлерди өздөштүрөсүң. Жакшы ой жакшы сезимди жаратат– жакшы сезим, нурларды, энергияны кыймылга келтирет. Энергия кыймылга келгенден кийин адам бир нерсени жасагысы келет. Ал эми жасаган иштен албетте жыйынтык келип чыгат. Жакса жасап көр. Жыйынтык өзүңдүн аң сезимиңдин, билимиңдин, жаратууңдун деңгээлине жараша болот. Ар дайым утук жасап көргөн адам тарапта.

[А] Сенин ден соолугуң чың! Сен өз жайындасың!

Анын ден соолугу чың! Ал өз жайында!

Кириш сөз

Китептеги маалымат “аң сезим” менен түшүнүп, “жан дүйнөнү” ар кандай түстөгү нур агымдары менен “тазалап”, өзүңдү өзүң кандайча “ден соолукта сезүүгө, жашоого болоорун түшүнүүгө багыт берет.

Негизги күч, энергия: “ ТАЛАПСЫЗ СҮЙҮҮ НУРУ”, “ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК НУРУ”, “ГАРМОНИЯНЫН НУРУ”,“ АҢ СЕЗИМДҮҮЛҮКТҮН жогорку алкактагы НУРУ”.

Ар кимдин жашоого болгон көз карашы ар түрдүү, бүгүнкү күндө жашап жаткан шарты да ар кандай, жана ал ар бир адам өзү түзгөндөй.

Бул китепте жазылган сөздөрдү пайдаланган адамдын денеси керектүү сөздөрдү угат, аткарат, керексиз эмоционалдык сезимдерден бошонот, психологиялык акыбалынын жакшырышына жардам болуп, ден соолукту бекемдейт, жашоосун өзү каалагандай кайра курууга шарт түзө алат. Өзү менен өзү ынтымакта болуп, өзү менен өзү сүйлөшүп, өзүнө өзү түшүндүрөт жана кантип суроо берүүнү үйрөнүп, актанууну токтотуу керектигине көзү жетет. Кетирген кемичликтерин өзүнүн турмуштук тажрыйбасы аркылуу өзүнүн кандай экендигин өзү айлана чөйрөдөгү жакын адамдары аркылуу көрүп, өзүнүн балансын, тең салмактуулугун өзү кантип сактоону үйрөнүүгө багыт алса болот.

Китепте жазылган ойлордун, сөздөрдүн, сезимдин кубаттуулугу, таасирдүүлүгү ар кандай адамдар аркылуу турмушта тажрыйбаланып, далилденген.

Ар бир адамга – “өзүн өзү түшүнүп, өзүн өзү кабыл алып, өзүнө өзү кожоюн болууга, сүйүүнүн, ден соолуктун, байлыктын башаты кайда” экендигин түшүнүп, денени активдештирүүгө жардам берет. Мен бул китеп аркылуу өзүм түшүнгөн кана жолдорду сунуш кыла алам.

Кайсыл жолду тандоо керектиги өзүңдөн! Өзүңдүн ким экендигиңди түшүнүүнү ниет кылсаң анда бул китеп сен үчүн.

А Биз ден соолуктун толкунундабыз! Биз өз жайындабыз!

Ыраазычылык билдирем!

Мени жарык дүйнөгө жараткан атам Камчыбекке, апам Тажигүлгө, өзүнүн ар кандай мүнөзү менен жашоону түшүнүүгө тажрыйба берген эжем Жумаянга, бир туугандарыма, жолдошума, уулума, келиниме, небереме, кайын журтума, тууган уругума ыраазычылык билдирем! Ошондой эле, ар кандай шартта бирге окуган, иштеген, турмуш жолумда жолугуп оң жана терс тажрыйба алууга катышкан баардык адамдарга, андагы болуп өткөн ар кандай окуяларга, окурмандарыма, жаратылышка, Ааламга, ата – баба рухтарыма, жер – суу, от ээлерине, Планеталарга, Айга, Жерге, колдоп, коргоп жүргөн Улуу күчтөргө терең ыраазычылык билдирем!

“Өтүп кеткен турмуштук тажрыйбама”, секунда сайын жашап жаткан “учур чагыма”, алдыдагы “келечекте” боло турган жашоомо терең ыраазымын! Учур чакта кантип жашоо үчүн тажрыйба алып жаткандыгыма ыраазымын!

Мен – Аалам бөлүкчөсүмүн, бүткүл Аалам менин денем менен байланышкан. Биз Биргебиз! Биримдиктебиз!Бир бүтүндүкбүз! Кечиргиле! Кечиримдүүмүн! Ырахмат! Баардыгына – Ыраазымын! Биз ынтымактабыз! Дүйнө тынччылыкта! Аалам тең салмактуулукта! Мен тынч!Сен тынч! Ал тынч! Биз тынч! Дүйнө тынч! Аалам тынч! Кудай тынч!

[А] Дүйнө ден соолуктун толкунунда! Дүйнө өз жайында!

Түшүнүк берүү

Урматтуу окурман, мен бул китепти жазаардан мурун өзүм менен өзүм иштеп, өзүмдүн жекече тажрыйбамды жүргүзүп келдим. Адамдар менен сүйлөшкөндө, ойлогон оюна көңүл бөлүп, сүйлөгөн сөздөрүнүн айткан адамдын өзүнө кандайча кайтып келип жатканын байкап, өз тагдырын өзү кандайча түзүп, жашап жатканын көрүп, сезип келе жатам. Ошондой эле көрүнүштөр өзүмдө да болуп жатат.

Өзүмдүн ойлогон оюм, сүйлөгөн сөздөрүм менин денемди кандайча жабыркатып, өзүмө өзүм оорууну кандайча жасап алгандыгым мен үчүн күндөн күнгө ачык, даана, так көрүнө баштады.

Өзүмө өзүм суроо бере баштадым:

Айлана чөйрөмдөгү адамдар кимдер? Кандай чөйрөдө жашап жатам?

Кимдер менен мамиле түзөм? Кандай көз караштагы адамдар менен сүйлөшөм?

Эмне иш жасайм? Кандай шартта, кимдер менен жашайм? Денем үчүн кам көрөмүнбү? Эмнени кааларымды ачык, так, даана билеминби?

Кандайча иш аракет жасап жатам? Өзүмдөн өзүм «отчет» сурап, ала аламынбы?

Тагдырымдын өзгөрүшү үчүн кандай аракет жасап жатам? Жашоонун жеңил жана оңой жолун билеминби? Эмоциямды башкара аламынбы? Азыркы психологиялык акыбалым кандай? Жан дүйнөмдүн тазалыгы кандай? Өзумдү өзүм алдаймынбы? Сезимим менен кантип иштегенди билеминби?

Мына ушул суроолордун жардамы менен мен өзүмдөгү кемчиликтерди, жетишпестиктерди жана артыкчылыктарымды күндөн күнгө ачык, так, даана көрө баштадым.

Албеттте, кебетем да ошол шартка ылайык өзгөрүп жатканын өзүмө өзүм байкоо жүргүзүү менен көрүп келе жатам. Аны “аң сезимим менен түшүнгөндөн кийин кана денемдин өзгөргөнүн” сезе баштадым.

Бара – бара ойлогон ойлорум тазаланып, керектүү сөздөрдү сүйлөп, келген ойлорумду талдоочу болдум. Сезимим жакшыра баштады.

“Жан дүйнөмдүн тазалыгы – ден соолугумдун тазалыгы” экендигин түшүндүм.

Канчалык “жан дүйнөм” тазаланган сайын, ошого жараша мамилелеш адамдарымдын да өзгөргөнүн байкадым. Жашоодо чөйрөмдөгү адамдардын кандайча “ойлорду ойлоп, сөздөрдү сүйлөп” жатканына маани берип, ал адамдын ден соолугунун кандай акыбалда экендиги мен үчүн көрүнүктүү болуп калды. Көкүрөгүм ачылып, ички дүйнөмдүн өзгөргөнүн сезе баштадым.

“Жан дүйнөнүн калыптанышы – бул адамдын ички дүйнөсүнүн калыптанышы”. Ал эми “Ички” дүйнөнүн “Сырткы” дүйнө менен барабар болушу – бул ар бир адамдын ден соолукта болуп, тынччылыкта, бай, бакубат, бактылуу жашоосуна шарт түзөт.

Бүгүнкү күндө бул сөздөрдү кээ бирине ачык айтсам, кээ бири түшүнбөстөн тескери кабыл алат. Себеби динге болгон көз карашы күчтүү болгондуктан “башка динге чакырып жатабы?” деген коркунучу менен күмөнсүрөөсү күчтүү болуп, шектүү көз караш менен карашат. Андай адамдар менен мамилени бузбоо үчүн унчукпай, байкоочу болдум.

Ошентип күндөн күнгө денемдеги оорууларым азайып, ден соолугум чыңдала баштады. Денеме болгон ишенимим күчөдү, сезимим жакшыра баштады. Тамак-ашты пайдалануу күндөн күнгө сапаттуу болуп өз нугуна түшүп баратат. Организимге кандай керектүү витаминдер пайда берээри жөнүндө көп түшүнүк, билим алып, аларды күнүмдүк турмушта пайдаланууга өттүм.

Мүмкүн болушунча куурулган тамак ашты азайтып, кайнатма, бууга бышкан тамак ашты көп пайдаланчу болдум. Албетте мөм-жемиштерди көп пайдалануу зарылдыгы, шириндиктерди аз пайдаланып, ачуу тамактардын пайдалуулугу түшүнүктүү болду. Ошондой эле өттү кургатып албаш үчүн тамакка өсүмдүк майын пайдалануу керектигин түшүндүм.

Бир күндө 2-3 литрге чейин организм сууну талап кылаарын билсем дагы, турмушта пайдаланчу эмесмин. Бирок аны сөзсүз ичиш керек деп организимди кыйноонун кереги жок. Организм талап кылганда кана ичүү керектигин түшүндүм. Суу ичкиң келбесе дарбыз менен жүзүм дагы суусундукту канааттандыраары көпчүлүккө белгилүү. Дене 80-90% суудан турат деген маалыматтар бар, Чындыгында суунун өлчөмү денеде өз нормасында болбосо, тери сөөккө жармашып тез картаймакбыз.

Жыйынтыгында сууну аз-аздан уурттап ичүү зарылдыгы мага түшүнүктүү болду. Айрыкча таштан ташка урулуп бышылган суулардын пайдасы бар экендигине көзүм жетти. Себеби, суу аркылуу денеге эң керектүү кремний элементин алабыз. Ал ден соолуктун бирден бир сактоочусу. Ал эми сууда кремнийдин составы болуш үчүн майда тоонун талкаланган таштарын иче турган суу куюлган идишке салып мезгил– мезгили менен тазалап жууп пайдаланса болоору да мага белгилүү болду.Бүгүнкү күндө, майда таштарды талкалап, ыңгайлуу пакеттерге салып, ден соолукка пайдалуу экендигин түшүндүрүп, бизнес кылып сатып акча тапкан ишканалар да бар.

Сууну өтө муздак ичпестен дененин нормалдуу 36,4 градус температурасында ичүү зарыл. Муздак же өтө ыссыкты ашказан нормалдуу температурага алып келип андан кийин аш кылат. Ал үчүн энергия керек. Эгерде, тамакты аш кылууга ашказандын өзүнүн күчү жетпесе анда энергияны көк боордон алышы мүмкүн. Ошон үчүн дененин башка жагын жабыркатпайын десең ашказанга өтө ыссык же өтө муздак нерсени салбаганды үйрөнүү керек. Ар кандай рак орууларынан алдын ала өзүңдү сактайсың. Көк боор тарап жылуулукту сүйсө, боор муздакты талап кылат. Бекеринен индиялыктар көйнөгүнүн оң тарабын ачык кармап, сол тарабын материал менен жабып алышбайт. Себеби, аларда илгертен денени кантип сактоо жөнүндөгү инстинкти сакталган. Ал эми, температураны түшүрүү үчүн боорго муздак нерсени коюшкан.

Албетте, ар кандай салаттар, мөмө – жемиштер ден соолукка эн чоң пайда келтирээри түшүнүктүү, бирок майонезди өтө аз пайдалануу керек. Ал эми, тамак ашка жаныбар майына караганда, өсүмдүк майын көбүрөөк пайдалуу. Эртең менен “жаныбар майын” тамак аш үчүн пайдалануу, түштөн кийин “өсүмдүк майы” ден соолукка пайда алып келээри далилденген. Себеби, дененин оң тарабы жаныбар күчүнө ээ болсо сол тарабы өсүмдүктөр күчүнө ээ.

Эртең менен адам денесине жаныбар майы сиңимдүү болуп, ал эми түштөн кийин , айрыкча кечки тамакка өсүмдүк майы көп пайда келтирип, ден соолукту чыңдаарына ишендим. Кечки тамакта жеңил тамактануу ден соолукка өтө пайда экендигин көпчүлүк эл түшүнсө да, турмушта аны пайдаланууга көп этибар бере беришпейт. Айран ичеги карындардын иштешин жакшыртып, сөөктү бекемдейт.

Эртең мененки тамактын курамы “углеводдор” менен коштолсо, ал эми кечки тамактардын курамы “белоктуу” тамактар менен коштолуп жасалса, “дене” өзүн жакшы сезээри белгилүү. Эми ал тартипти кээ бирибиз билсек да жасабайбыз, кээ бирибизде ал жөнүндө такыр түшүнүк жок. Учурунда мен да “түшүнүгү жок” адамдар катарында болуп, ден соолукта жүрө бере тургандай ойлогом. Ден соолук үчүн кам көрүү керектигин кийинчерээк түшүндүм. Албетте ооруп көрбөсөң, ден соолук керектигин кеч түшүнөсүң. Туура тамактануу боюнча профессор Неумывакиндин видеолорунан маалымат алсаңар болот.

Ден соолукту сактоону адатка айлантуу, кары жашка карабайт. Биз, бул шартты пайдалануу менен ден соолукту сактап, өз өмүрүбүздү өзүбүз узартып, бактылуу өмүр сүрө алабыз.

Негизгиси, ушул секундадан баштап, ден соолукту колуңа алып, аны чыңдоодо! Дагы бир маани берүүчү нерсе кайсыл зодиак белгисинде төрөлгөнсүң, ошого жараша денеңди керектүү тамак аш менен канааттандыруу зарыл, себеби дененин ден соолукта болуусуна планеталар дагы өтө чоң таасир этет. Кайсыл зодиак белгиси кандай оорууларга жөндөмдүү жана аны кантип алдын ала болтурбоо коюуга ар кандай жолдордун бар экендигин интернет аркылуу окуп алсаңар болот.

Ошондой эле, кийген кийимиңдин тазалыгы, өңү – түсү, жарашыктуулугу, сапаттуулугу албетте, дененин эркин жашоосуна, дем алуусуна өбөлгө түзөт, сезимди жакшыртат. Жарашыктуу жаңы кийим көңүлдү көтрөт.

Дене эркин дем алуусу үчүн, таза пахтадан жасалган кездемелерден тигилген кийимдер өтө ыңгайлуу болуп, ар түрдүү түстөгү кийимдерди кийүү керек экендигин түшүндүм. Себеби, дене кээ бир денеге жетишпеген энергияны кийим аркылуу дагы алат. Ал эми, түстүү кийимдер маанайды жогорулатат. Денеге чак, размери туура келген кийим кийүү зарыл, антпесе дененин формасы жайылып, курсак, жамбаш чыгып көрксүз боло баштайт. Ылайыктуу кийим денени тыкан алып жүрөт жана форманы жакшы сактайт. Жарашыктуу кийим денеге көрк берет. Ал эми, ыңгайсыз чоң же кичине кийим дененин нормалдуу иштешине кыйынчылык туудурат.

Ошондой эле, туура дем алып, дем чыгаруу эң бир сонун ден соолуктун булагы экендигин акылым менен түшүнсөм да, аны турмушумда пайдалана албай жаткандыгымды байкап, дем алуумду калыптандырып келем… Көпчүлүк адам өзүнүн кандай дем алып жаткандыгына маани бербейт.

Эми башты сергитип, ойлонуу үчүн суроолор :

– Эмне үчүн жаш балдарга түстүү кийимдерди кийгизишет?

Наристелер, жаш балдар өздөрүн кандайча алып жүрүшөт?

Айрыкча 6– 7 жашка чейинки наристелерде “коркуу” деген барбы?

Ал акыбал жаш балдарга кайдан келет? Ар кандай коркунучтардын болуп кетүүсү жөнүндө балдарга кимдер эскертет?

Аларга коркуу керектигин кимдер үйрөтөт?

Мына ушул суроолорго жоопту өзүңөр анализдеп түшүнгүлө. Жыйынтыг эмнеге алып келет, бара –бара китептеги маалыматтар аркылуу түшүнө баштайсыңар. Дагы өтө көңүл коюп,маани берүүчү нерсе, бул бут кийим.

Бут кийимдин ыңгайлуулугуна да көңүл бөлүү зарыл. Себеби, денени айланып өтүүчү нурлар, кан айлануу, албетте, бут аркылуу өтүп, манжалардын эркин болушу кан айланууну, нур айланууну өз ритиминде өткөрөт эмесби, ошондуктан ден соолуктун бирден бир негизги жардамчысы – “бут кийим” экендигин түшүнүп, ыңгайлуу бут кийим тандачу болдум.

Ал эми, бут кийимдин ыңгайлуу болушу – бул чың ден соолуктун башаты.

Бут канчалык эркин чоңойсо, дене, мүчө ошончолук эркин чоңоюп, чың ден соолукка фундамент курат. Себеби, таманда бүт органдардын акупунтуралык точкалары бар, кан айланууну өз нормасында айлантып, нур айлануу каналдары аркылуу денеге токту, жылуулукту тынымсыз берип турат..

Үйдөгү, жумуштагы, окуудагы б.а. баардык жердеги тазалык – бул ден соолуктун тазалыгы. Канчалык жашаган үйүң ыңгайлуу болуп, баскан, турган жериң таза болсо, дене ошончолук сергек, чыйрак болот эмесби.

Үйдү тазалоо, комнаталарды желдетүү, кийимди таза жууп, үтүктөп кийүү бул, ар бир эле адамдын күнүмдүк жашоодогу милдети экени айдан ачык. Аны баарыңар түшүнөсүңөр.

Турмушта ар бир адам тазалыкты кандайча, кандай деңгээлде пайдалана алат? Ойдун тазалыгын сактоо үчүн эмне кылуу керек? Анын зарылдыгын түшүнүп алган пайдалуу. Күнүмдүк турмуштагы тазалык – бул, дененин, ички жана сырткы дүйнөңдүн, ойдун, сөздүн тазалыгы!

Үйдүн тазалыгы – бул ойдун тазалыгы!Демек, ден соолукта болгондугуң ошол. Бул өтө жөнөкөй жана көңүлдү анчалык бура бербөөчү нерсе: алган нерсеңди буюмуңду кайра ордунда койгонду билбегендик, ойлогон ойдун баш аламандыгы, үйдөгү же жумуштагы баш аламандык болуп эсептелет же эмнени каалаганды билбей ар нерсенин башын бир кармоо, ички дүйнөнүн баш аламан, тартипсиздиги. Күнүмдүк жашоодогу баш аламандык, бул жан дүйнөнүн жараланышы, ойдун бузулушунун башаты, баштаган иштин аягына чыга албастыгы, ийгиликке жетише албагандык, жашоодогу ар кандай жетишпестиктер мына ушундай себептерден башталат.

Күнөөлүүнү издээрден мурун, өзүңдү өзүң алыстан карап, эмне жасап жаткандыгыңды байкап көр. Азыркы акыбалыңды оболу кабыл ал, андан кийин башкача жасоого өт. Китептин кээ бир жерин кайталап окуу “жан дүйнөнү тазалоого, өзгөртүү киргизүүгө” жардам берет.

Сөздөрдүн кайталанышы “жан дүйнөнү тазалап, ар бир адамды өзү түзгөн программадан жана өзүнө жакпаган дүйнөдөн, жашоонун жаңы барагына, жеңил, кубанып жашоо ыргагына өткөрөт”. Өзүңдүн акыбалыңды кантип жасап алгандыгыңды түшүндүрөт. Албетте, бул нерсени өзү түшүнүп, турмуштук тажрыйбаңдан өткөрө билсең.

Ошондуктан, “өзүң менен өзүң иштөө, ар бир нерсени терең түшүнүүгө жол ачып, дененин эркин, ден соолукта жашоосуна жол ачат. Көнүмүш күнүмдүк жашоодогу ойду өзгөртүү өтө орчундуу маселе. Ага ар бир адам өзү күбө.

Бул китепти “кумир” тутуп жогору көтөрүүнүн же кемсинтүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби, ар бир адам өз тажрыйбасынан алынган маалымат менен түшүндүрүп жазат. Жолдор ар түрдүү, бирок негизги жол бирөө. Ошондуктан ар ким ар кандай жол менен өзүн өзү таанып, жан дүйнөсүн тазалап жарыкка чыгарат, аң сзиминин деңгээлин жогору көтөрөт. Өзүнүн ким экендигин терең түшүнөт. Жашоонун маңызына маани берет. Жыйынтыгында адам денеси баардык жаралуулар менен тыгыз байланышта экендигин түшүнүп, өзүн бирөөдөн жогору же төмөн коюу эмнеге алып келээрин түшүнөт. Тең салмактуулукта, нетралдуулукта болуунун эмне үчүн керектигин түшүнөт.

Ошондуктан өзүңдү же башкаларды “кумир тутуу”– бул өз денеңди өзүң талкалоо менен барабар, себеби, башка дүйнөлөр менен болгон байланышың бузулат, жыйынтыгында ден соолугуңа өзүң зыян кыласың. Себеби, бир кана өзүңдү өзүң баарынан өйдө коюу– бул өз денеңди – таарынтуу экендиги анык. Ар бир айтылган сөз, ойлогон ой кайсыл башаттан чыкты, анын жашоодо өмүр сүрүшү ошол кана адамга таандык жана ал адамга түбөлүктүү кызмат кылат, б.а. “эмнени эксең ошону кана аласың”, ”эмнени Ааламга жөнөтсөң, ошол кана нерсе көбөйүп өзүңө кайтып келет”.

Ошондуктан менин жазган эмгегим мага да, окуган окурмандарымда да пайдалуу жагын тийгизээрин ниет кылам. Жаралган чыгарманы суугарып, жашоосуна жашоо улап, өмүр бере турган бир кана жаратуучу, ошол эмгектин ээси экендигин түшүнөм, себеби баардык нерсе энергиядан турат. Бирок, ар бир нерсени тамактандырып, өркүндөтүп, жаңылап туруу үчүн турмуштук тажрыйба керек. Менин турмуштук тажрыйбам “мен өзүм үчүн кана” басып өткөн жол. Ар кимдин баскан жолу ар кандай. Ошондуктан бул китепти окуган адам өзү каалаган керектүү, пайдалуу жагын кана алып калган жагын каалагандай түшүнсө болот. Ар бир адамдын, өнүгүү, өсүү жолу ар кандай. Каала макта, каала, ушакта, сында, ал сенин өнүгүү деңгээлиң. Кандай түшүнсөң ошондой жыйынтык аласың. А мен болгону билгендеримди окурмандар менен бөлүшкүм келди. Керектүүсүн пайдалан.

Мен дагы көп адамдардын турмуштук тажрыйбасынан пайдаланам, колдоном. Албетте, ыраазылык билдирем, ашыкча кетсем, кечирим суроо менен өзүмдүн, дүйнөмдүн өнүгүү, өсүү жагына пайдаланып, ниет кылып жашап жатам. Кимдердин турмуш жолу, эмгеги менен тааныштым, тажрыйбасын пайдаландым, өз жашоом менен айкалыштырып пайдаландым, ал жөнүндө китептин арасындагы сөздүрдүн маанисине жараша ар кайсыл барактарда жазылган окуялар менен таанышып, түшүнүк ала алаңар болот.

Ката кетирүүдөн эч ким гарантияланган эмес, ошон үчүн ар бир адам жаңылышууга акысы бар. Жаңылат, турмуштан тарбия алат. Ушул китеп аркылуу көргөн кемчилигиңер жөнүндө ар бириңердин ачык ойлоруңарды айтууга укугуңар бар. Ар бир адамдын жашоого болгон көз карашы ар кандай жана каалагандай бурмалай алат. Ниетиң өзүңө калыс болсун. Себеби, сени эч ким жазалабайт, аны сенин “намысың” кана жазалайт. Ошон үчүн өзүңдүн жасаган аракетиңди терең ойлонуп, түшүнүп жасаган ден соолука пайдалуу.

Албетте мындай акыбалга мен да көп жолу туш болгом. Мүмкүн болушунча мени мактаган же жамандаган адамдын мүнөзүн өзүм менен байланыштырып түшүнүүгө аракет жасайм.

Себеби, он адам чогуу отуруп сүйлөшө келсе он адамдын он түрдүү ою, жашоого болгон ар түрдүү көз карашы бар. Ошон үчүн бул китепте жазылгандын баары “эң туура” дегенден алысмын. Ар бир адам өзүнө пайдалуусун алат, ашыкчасын эмне кылуу керек экендигин өзүңөргө белгилүү.

Турмуштук тажрыйба деген эмне? Негизги, өзүңдүн тажрыйбаң качан болот?

Качан кана адам – өзү аркылуу, денеси аркылуу, “ өзүнө керектүү нерсени аң сезими менен сезип, түшүнүп» жашоодо колдоно алганда, өз колу менен жасай алганда, өзү жашап көргөндө кана болот. Ал нерсе – генге, канга, информациялык маалымат талаасына жазылат. Ден соолугуң чың болсун десең тажрыйбаңды “өзүңдүн денең аркылуу” өткөрө бил. Бул чындык.

Адам психологиясы жашоодо тогуз этаптан өтөт. Ошол этаптарды аң сезимдүүлүк менен түшүнүп, басып өтө ала албасаң, турмуштук тажрыйбаң жок болсо, айланып келип эле, ошол, билбей же жасай албай калган жерге келгенде, баткакка баткан сыяктуу тыгылып же айланпага түшкөн сыяктуу бир ордуңда туруп, мындан ары эмне кылаарыңды билбей калган болосуң.

Билген нерсени жасоо дайыма оңой жана тез болот.

Ал эми билбеген нерсени жасоо, андан өтүү эмгекти, аракетчилдикти, чыдамкайлуулукту, чыгармачылыкты, сезимталдыкты, кечиримдүүлүктү, талапсыз, чексиз сүйүүнү талап кылат.

Албетте, ар бир нерсенин башталышы кыйындай сезилет, бирок жасай берсең бара – бара көнүмүш адатка айланат. “Көз коркок, кол баатыр” – дегендей. Жашагың келсе, жашоонун кызыгын көргүң келсе албетте, алдыга умтулуу, өнүгүү, өсүү керек, ар бир секунданы баалап, ыраазы болуп жашоону үйрөнүү керек. Ансыз ооруу, картайуу, өлүмгө карай тез тездейт. “Аң сезимиңди” ойготуп, билим алуу жогорулоого жардам берет. Ал үчүн адамга маалымат керек, түшүнүү керек.

Мен жаңы ойдун агымына өткөндө окугандарымды конспектилеп, жаккан сөздөрдү түстүү боектор менен боеп, күнүгө комнаталардын ичине ар түрдүү өзүмө жаккан сүрөттөрдү, сөздөрдү жазып илип коюп, кайталап жүрдүм.

Бүгүнкү күндө да пайдаланып келем. Ойду башкаруу, сөздүн керегин тандоо – бул “чыгармачылык менен өзүң менен өзүң иштөө” дегендик. Өзүңдү өзүң жашоонун агымына жараша тарбиялап, ыңгайлашып, өзгөрүп барууга туура келет..

Көрүнүктүү жерге өзүмдүн жакшы маанайда, жаш куракта түшкөн сүрөтүмдү илип коюп, көңүл чөккөндө ошол сүрөттү карап, жакшы күндөрүмдү эстеп көңүлүмдү көтөрөм. Ал мага эмнени берет? Денени чындайт, энергиянын толкунун көз ирмемде өзгөртөт, сезимиң жакшырып, жаман ойдон көңүл көтөргөн кубанычтуу акыбалга өтөсүң. Ар бириңде кубаныч тартуулаган, бактылуу күн болгон да, ошондой акыбалдагы сүрөтүңдү тап, пайдалансаң болот. Бул психологиялык, эмоционалдык акыбалыңдын өзгөрүүсүнө сөзсүз жардам берет. Айрыкча жакын адамдарыңар аркылуу чын жүрөгүңөр менен маектешүү эффективдүү.

Өзүмдү көндүрүү, кайра тарбиялоо үчүн эки жыл тынымсыз окуган китептеримдеги сөздөрдү көчүрүп, түшүнгөнүмдү конспектилеп жазып жүрдүм. Азыр дагы улантам. Бул эсте сактап калууга жардам берет.

Адегенде кыйналдым. өмүр бою көнүмүш ойлордон арылуу кыйын болду, бирок , “ооруп жүргөн жакшыбы” же “эки жыл” аракет жасап, ден соолукту оңдоп, жашоомду жеңилдеткеним жакшыбы?– деп, оюм тескери жагына бурулганда эле өзүмө өзүм суроо берем. Жалкоолугум менен күрөшөм. Жиним келип жаман ойлор келе баштаганда өзүмө өзүм түшүндүрөм.

Танда?! “ Өлүм баардык адамдын башында бар. Ал сенин колуңду созгончолук аралыкта турат. “Жаным кыйналды” – деп айттың өлүм жаныңда заматта пайда болот. Каала ооруп, эртерээк өл, же өзүңдү өзүң кайрадан тарбиялап, жашооңду узарт, бул дене менен жашоого бир келесиң”, – деп өзүмдөн өзүм отчет сурап, кайратыма кирип, “чечим” чыгарып, “жашоону” кайра тандайм.

Мен жашагым келет! Мен жашагым келет! Мен жашагым келет! – деген жыйынтыкка келген чечимим мени жашоого алдыга жылдырып келе жатат!

Кээде “сени кыйнаган ким?”, “сени ким кой деди?”, “баарын жасаган өзүңсүң да” – деп күзгүгө карап, өзүмдү өзүм күлдүрчүмүн. Ооруп, кыйналган жакшыбы же кубанып жашаган жакшыбы? – деп күзгүдөн өзүмдү көргөндө суроо берем.

Албетте, бул нерсе менин “жан дүйнөмдүн өзгөрүшүнө түрткү берип, мен үчүн чоң төңкөрүш болду”. Эки жыл ичинде сүйлөгөн сөздөрүм өзгөрдү, а бирок ойдун өзгөрүүсү көп убакытты алып жатат, себеби, ар бир ойдун башаты, уюткусу ар бир клеткада жайгашкандыгын түшүндүм.Ошентип, өзүмдү өзүм талыкбастан “өзүм менен өзүм иштөөгө” эмгектенүүгө үйрөттүм. Төрт жыл өткөндөн кийин оюмда болгон нерселердин өзгөргөнүн сезе баштадым. Себеби, жашоом мен каалаган жагына өзгөрө баштады. Көзүм көргөн нерселер, жашоого керек кээ бир нерселерим ишке аша баштады. Жаным тынчтана баштады. Ошондон кийин менин эмгегим текке кетпегенин түшүндүм. Жасаган эмгегимдин мөмөсүн ала баштадым. “Күмөнсүрөөм” – “ишенимге” айлана баштады. Ал эми, “өзүңө өзүң ишенүү” белди бекемдеп, омуртканы түздөйт. Ал чындык.

Азыр болсо келген ойлорду филтирлеп, керек эмесин кабыл албоону үйрөнүп , тажрыйба кылып жүрөм же болбосо келген ойлорду жөн кана үстүртөн карай турган болдум. Ой деген ой да ал тынымсыз келип кете бере турган нерсе.

Ошентип, убакыт өткөн сайын “жан дүйнөмө” – позитивдүү сөздөр сиңип, бүгүнкү күндө автоматтык түрдө турмушта пайдаланып жүрөм. Көзүмө жаман нерселер эмес, жакшы нерселер көрүнө баштады. Себеби, “көңүлүм” мени сүйүндүрө турган нерселерге бурула баштады. Ой бузулганда, мурдагыга караганда тезирээк башка, мен каалаган нукка бурууну үйрөндүм, мүмкүн болушунча келген ойду ойлонуп пластинка сыяктуу айлантпоо керектигин терең түшүндүм. Албетте, эң сонун нерсе, келген ойду жөн кана кармап калбай кое берүү экендигин түшүндүм.. Ой келди, керектүү идеяны кабыл алдым, калганы токтоосуз кетти! Керексизин мээде айлантып ойлонбостон жөн кана коюп жибере турган болдум.

Айрыкча, өткөн күндү, кечинде уйкуга кетээр алдында бир сыйра элестетип, териштирип, керексизин, жагымсызын, кечирип, кечирим суроо менен денени бошотуп, жыйрылган булчуңдарымды жазып терең уйкуга кетүү адатка айланып бара жатат. Жатаарда телевизорду көрбөөгө аракет кылам. Ал нерсе өзүңдүн маалымат талааңды тазалоо үчүн керектигин бара-бара түшүндүм.

Мүмкүн болушунча денемди бош таштап уктоо, дененин түнү бою кайрадан өз калыбына келүүсүнө шарт түзөт, ден соолуктун өз нугуна келүүсүнө жардам берет. Дем алууну калыптандырат.

“Кечинде уйкуга жатаарда – “өзүмдү бактылуу сезип”, эртең менен “өзүмдү бактылуу сезип” турууну күнүгө ниет кылам”, себеби, аны канчалык көп жасасаң ошончолук өзүңө өзүң ыраазы болуп, кубанычтын сезими көбөйөт. Ал эми кубаныч, мелатониндин денеге өз нормасында бөлүнүп чыгуусуна шарт түзөт. Адам кубанган сайын кан айлануу жакшырат. Кан айлануу жакшы болсо адам өзүн чыйрак алып жүрөт.

Адамдар жөнүндөгү ойлорумду өзүмө жаккандай ага да мага да “кубаныч сезим” тартуулагандай ойлойм. Жыйынтыгында, адамдар мага ошондой мамиле жасап, мен өзүмдү жакшы сезе баштадым.

Ар бириңерге суроо???

Жашооңдо эмнелер болуп жатат, кандай жашоодо жашап жатасың? Ал күндөн күнгө көбөйүп күчөп бара жатабы же …? Аны күчтөндүрүп жаткан ар бир адам өзүбү же…? Күнөөлүүнү издеш керекби же…? Өч алуу, уят, күнөөлүү сезим, таарынуу, бийлик талашуу, ашыкча намыс ж.б.у.с. денеге пайдабы же зыянбы?

Возрастное ограничение:
16+
Дата выхода на Литрес:
23 июля 2019
Дата написания:
2019
Объем:
934 стр. 8 иллюстраций
Правообладатель:
Автор
Формат скачивания:
epub, fb2, fb3, ios.epub, mobi, pdf, txt, zip

С этой книгой читают